Депутат 1-июнду эс алуу күнү кылууну сунуштады

11:59, 25 мая 2023, Бишкек - 24.kg

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешов 1-июнду эс алууга күнү кылып жарыялоону сунуштады.

Анын айтымында, Балдарды коргоо күнүнө карата ата-энелер жумуштан суранып башташат.

«Алар эс алып, балдары менен майрамдай алышы үчүн жумуштан бошотсок. Бул күндү толук эс алуу катары жарыялабасак дагы, кыска жумуш күнүн киргизсек болот», — деди ал.