13:03
USD 89.43
EUR 97.09
RUB 0.97

Орунбеков: Кадыр Кошалиевдин эч кандай ыйгарым укугу жок

Журналист Кадыр Кошалиев бир эле Элдик курултайга төрага болуп шайланган. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.
 
«Элдик Курултай бекиткен регламенттин 25-пунктуна ылайык, төрага жана анын орун басарлары делегаттардын көпчүлүк добушу менен элдик Курултайдын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат. Демек, Элдик Курултайдын өткөрүлгөн убактысынын бүтүшү менен алардын ыйгарым укуктары дагы аяктайт. Кийинки Элдик Курултайда, делегаттардын көпчүлүк добушу менен төрага, анын орун басарлары жана катчысы кайрадан дайындалат», — дейт ал.
 
Дайырбек Орунбеков , Кадыр Кошалиевдин тегерегиндеги талкууну саясатташтыруунун кереги жок деп эсептейт. Анын мурдакы президенттер менен маеги журналисттик ишмердигине байланыштуу экенин белгилейт.
 
Белгилей кетсек, УТРК журналисти Кадыр Кошалиевдин мурдакы президент Курманбек Бакиев менен маеги коомдо кызуу талкуу жаратты. Ал маек YouTube тармагына жарыяланып, телеканалдан көрсөтүлгөн эмес.
 
Таластан Элдик курултайга делегат болуп шайлангандар Кадыр Кошалиевдин Элдик курултайдын төрагалыгынан отставкасын талап кылышты.
 
Эң көп окулган жаңылыктар