Бишкектеги менчик мектепте экинчи класстын окуучусу сабалды

15:45, 22 мая 2023, Бишкек - 24.kg

Бишкектеги Чехов атындагы менчик мектепте экинчи класстын окуучусу сабалды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында депутат Аида Исатбек кызы билдирди.

Анын айтымында, баланы математика сабагы учурунда классташтары сабашкан.

«Экөө колунан кармап, бирөө сабаптыр. Окуучунун денеси көк ала так. Судмедэкспертизанын жыйынтыгы бар. Бул мезгилде мугалим класста болгон эмес. Ушуну көзөмөлдөп койсоңуз», — деп депутат билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевге кайрылды.