15:24, 22 мая 2023, Бишкек - 24.kg
Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Тотуя айылында мыйзамсыз иштеп жаткан эки жашыруун медресе жабылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, медреседе18 жашка чейинки улан-кыздар эртеден кечке окушкан. Алар мектепке барышкан эмес. Сабактарды диний билими жок мугалимдер өткөн.
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан текшерилбеген адабияттарды колдонуу менен Куран окуу жана хадистерди үйрөнүшкөн.
Медресеге 5 миң 500 сом өлчөмүндө (ар бирине) айып салынып, ишмердүүлүгү токтотулду.