КМТУ Аскар Акаевдин лекциясын өткөрбөйт

10:35, 22 мая 2023, Бишкек - 24.kg

И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети мурдакы президент Аскар Акаевдин лекциясын токтотту. Бул тууралуу окуу жайдан билдиришти.

Белгилей кетсек, Аскар Акаев жубайы Майрам Акаев менен Кыргызстанда жүрүшөт. Анын Илимдер академиясында жана КМТУда лекция өтөөрү айтылган.

Мурдакы президент 2005-жылдан бери Москвада жашайт. Ага кылмыщ иши козголуп, эл аралык издөө жарыяланган. 2021-жылы ага каршы козголгон иштер токтотулганы маалымдалды.