Бишкекте милиция кызматкерин сабап кетишти

15:47, 19 мая 2023, Бишкек - 24.kg

Бишкекте милиция кызматкерин сабап кетишти. Бул тууралуу 24.kg агенттигине укук коргоо органдарынан билдиришти.

Алардын маалыматында, окуя «Жал» кичи районунда 17-май күнү болгон.

Ички иштер кызматкери ооруканага жаткырылып, анын мээси чайкалып, буту сынган.

«Бейбаштык» боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүлөр кармалды.