Садыр Жапаров Кытайда чек ара маселесин көтөрдү

12:48, 19 мая 2023, Бишкек - 24.kg

Садыр Жапаров Кытайдын Сиань шаарында «Борбор Азия — Кытай» саммитинде Кыргызстан үч кошуна менен мамлекеттик чек араны ийгиликтүү аныктап алганын белгиледи.

«Ушул эле багытта, достуктун жана ынак коңшулук духунда Тажикстан менен кызматташууга дилгирбиз», — дели ал.

Президент Кытай тараптын глобалдык коопсуздук боюнча демилгесине колдоо артты.

«Биз Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин жалпы адамзаттын тагдыры, глобалдык өнүгүү жана глобалдык цивилизация боюнча демилгелери бар коомчулукту түзүү тууралуу жаратман идеяларын колдойбуз. БУУнун Туруктуу өнүгүү жаатындагы күн тартиптерин ишке ашырууда мындай идеялардын маанилүү ролун жана зарылдыгын жогору баалайбыз. Ошондой эле Кытай тараптын коңшу мамлекеттердин жалпы келечегинин шериктештигин түзүү боюнча жигердүү аракетин жогору баалайбыз. Бул Кытай менен Борбор Азия мамлекеттеринин ортосундагы достукту, ынак коңшулукту жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты чыңдоого чоң салым кошот деп ойлойм», — деди Садыр Жапаров.