17:18, 17 мая 2023, Бишкек - 24.kg
Жыл башынан бери 26 миң 155 жаранга пенсия чектеди. Бул тууралуу Социалдык фонд билдирди.
Маалыматка караганда, анын ичинде апрель айында 4 миң 601 жаранга пенсия чектелди.
Андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 1 миң 109 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелинди.