USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

Орусияда армияда кызмат өтөө үчүн келишим түзгөн чет элдиктерге жарандык берүү ж

09:42, 16 мая 2023, Бишкек - 24.kg

Орусия президенти Владимир Путин Коргоо министрлиги менен келишим түзгөн жана Украинада согушуп жаткан чет элдиктерге орус жарандыгын берүүнү жөнөкөйлөштүргөн жарлыкка кол койду.

Бул тууралуу Орусия президентинин сайты кабарлады.

Муну менен Путин 2022-жылдын 30-сентябрындагы «Келишимдик негизде аскердик кызматта жүргөн чет элдик жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды кабыл алуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби жөнүндө» жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизди.

Жарлыкка ылайык, «атайын аскердик операция» мезгилинде бир жылдык мөөнөткө орус армиясында же аскердик түзүлүштөрдө кызмат өтөөгө келишим түзгөн жана согуштук аракеттерге кеминде алты ай катышкан чет элдиктерге жарандык жеңилдетилген тартипте берилет.

Мурда чет элдиктер беш жылга келишим түзүп, жарандык алуу үчүн кеминде үч жыл иштеши керек эле.

Акыркы кезде мигранттар арасында — жатаканаларда, миграция кызматтарында, мечиттерде жана көчөлөрдө армияга келишимдик кызматка чакырган баракчалар көп таратыла баштаган. Аскердик кызмат өтөө келишимине кол койгондорго Орусиянын жарандыгы жана жогорку маяна берилери убада кылынган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика