15:49, 15 мая 2023, Бишкек - 24.kg
Президент Садыр Жапаров Кылмыш кодексине өзгөртүү киргизген мыйзамга кол койду. Аны Жогорку Кеңеш апрель айында кабыл алган.
Ага ылайык финансы пирамиданы жарнамалагандар жоопкерчиликке тартылат. Мыйзамда 150 миң сомдон 200 миң сомго чейин айып каралган.
Мыйзамдын автору Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиев.