13:09, 15 мая 2023, Бишкек - 24.kg
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун эки айыл тургундарынын ортосунда жапырт мушташ болду. Бул тууралуу маалыматты 24.kg агенттигине аймактык милиция ырастады.
14-май күнү саат 15.30да Сары-Талаа менен Кош-Алмурут айылынын тургундары ортосунда волейболдон кийин чыр-чатак катталган.
Учурда айылда кырдаал туруктуу.