Ош шаарында мыйзамсыз иштеген казино аныкталды

17:01, 12 мая 2023, Бишкек - 24.kg

Ош шаарынын аймагында мыйзамсыз кумар оюн жайы табылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

2023-жылдын 27-апрелинде тинтүү иш-чараларынын жүрүшүндө кумар оюн жайынан 327 000 сом акча жана 16 персоналдык компьютер табылып алынган. Ошондой эле, аталган мекеменин жетекчиси Кыргыз Республикасынын Ж.А. аттуу жаранынан 597 200 сом, 4 800 АКШ доллары, 4 000 рубль жана 4 процессор табылган.


Учурда уруксаты жок иштеп жаткан кумароюн жайларын аныктоо жана бөгөт коюу иштери уланууда.