ӨКМ: Бишкек жана Чүйдө катуу шамал болот

14:47, 12 мая 2023, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаарында жана Чүй облусунда эки саат аралыгында жана кечинде катуу шамал болушу күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Маалыматка ылайык, шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн. Буга байланыштуу Кыргызгидромет шаардыктарды этият болууга чакырат.