Дайырбек Орунбеков: Жетим-Тоону 100 пайыз өзүбүз иштетебиз

13:38, 12 мая 2023, Бишкек - 24.kg

Нарын облусундагы Жетим-Тоо кенин министрлер кабинети өзү иштетет. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.

Анын айтымында, темир кенин иштетүү үчүн акча аныкталды.

«Бир пайызы дагы бирөөгө берилбейт. Кенди ү иштете турган каржы дагы аныкталган, мамлекет темир завод куруп, жумушчулардын курамы дагы жергиликтүү элден алынат. Бир дагы чет өлкөлүк компания кирбейт. Жетим-Тоо кени, Кумтөрдөн дагы көп киреше алып келе турган долбоор. Учурда изилдөө иштери жүрүп жатат, бүтсө казуу иштери башталат», — дейт ал.