16:01, 11 мая 2023, Бишкек - 24.kg
Мурдакы билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиевдин иши Биринчи май райондук сотунда каралууда.
Сотко жабырлануучу Индия жараны Поту Фани келген жок. Экс-министрдин жактоочусунун айтымында, чет элдик жаран менен байланышууга мүмкүн болбой жатат. Ал учурда Кыргызстан эмес.
Белгилей кетсек, Алмазбек Бейшеналиев 2022-жылдыг 28-сентябрында кармалган. Ага 110 миң доллар пара алуу айыбы коюлду. Чыгымды төлөп бергенден кийин экс-министр үй камагына чыгарылган.