Тышкы иштер министрлиги кыргыз жарандарын Пакистанга барбай турууга чакырат

14:18, 11 мая 2023, Бишкек - 24.kg

Тышкы иштер министрлиги кыргыз жарандарын Пакистандагы саясый кырдаалга байланыштуу барбай турууга чакырат. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

Министрликтин маалыматында, Пакистанда жабыр тарткандардын арасында кыргызстандыктар жок.

ТИМ Пакистанда жүргөн мекендештерге бул номур ( 92512250010, +923303717771) аркылуу консулдук кызматтар менен байланышууга чакырат.

Белгилей кетсек, Пакистандын экс-премьер-министри Имран Хан кармалгандан кийин өлкөдө митинг башталды. Бүгүн өлкөнүн өкмөт башчысынын резиденциясына кирүү аракети көрүлдү.