«Алтын тaмгa» тестирлөөсүн 167 окуучу ийгиликтүү тапшырды

10:35, 11 мая 2023, Бишкек - 24.kg

«Алтын тaмгa» тестирлөөсүн 167 окуучу ийгиликтүү тапшырды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, ал бүтүрүүчүлөр жалпы орто билими тууралуу аттестатын «Артыкчылык менен» алат.

  • Баткен облусунан — 14 окуучу
  • Бишкек шаарынан — 76 окуучу
  • Жалал-Абад облусунан — 10 окуучу
  • Нарын облусунан — 6 окуучу
  • Ош шаарынан — 8 окуучу
  • Ош облусунан — 20 окуучу
  • Талас облусунан — 5 окуучу
  • Чүй облусунан — 21 окуучу
  • Ысык-Көл облусунан — 7 окуучу

Эске сала кетсек, «Алтын тамга» тестирлөөсү республика боюнча 2023-жылдын 25-апрелинде өткөрүлүп, ага 2 миңдей 11-класстын окуучусу катышкан.