200, 500 жана 1000 сомдук банкноттордун жаңы сериясы чыгарылды

15:21, 10 мая 2023, Бишкек - 24.kg

2023-жылдын 10-майынан тартып Улуттук банк 200, 500 жана 1000 сом номиналындагы банкноттордон турган улуттук валютанын жаңы бешинчи сериясын жүгүртүүгө чыгарды.

Улуттук банктан билдиришкендей, жаңы банкноттор Кыргызстандын улуттук валютасынын жүгүртүүгө киргизилгендигинин 30 жылдыгына карата чыгарылды.

Кыргызстандын тарыхый жана маданий мурасы чагылдырылган улуттук валютанын жаңы сериядагы банкнотторунун сюжеттеринин негизги темасы өзгөртүлгөн жок. Банкноттордун алдыңкы бетинде искусство жана маданият өкүлдөрүнүн портреттери, ал эми арткы бетинде республиканын кооз жерлери чагылдырылган. Банкноттордун негизги түсү жана өлчөмү да өзгөргөн жок.

Фото

Улуттук валютанын бардык банкноттору, чыгарылган жылына карабастан, Кыргызстандын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ жана төлөм каражаты катары милдеттүү түрдө кабыл алынууга тийиш.

Кыргыз сому өлкөнүн экономикалык туруктуулугунун эң маанилүү көрсөткүчү болуп саналат, анын ишенимдүү колдонулушу, сатып алуу жөндөмдүүлүгү жана баасынын туруктуулугу 30 жылдан бери тастыкталып келет.