Жогорку Кеңеш Акылбек Жапаровдун отставкасын колдогон жок

15:05, 10 мая 2023, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңеш «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын Акылбек Жапаровду отставкага кетирүү сунушун колдогон жок.

Белгилей кетсек, фракция Министрлер кабинети Конституциянын пенсиянын өлчөмү боюнча талабын аткарбай жаткандыгынан улам кызматтан бошотууну сунуштаган. Парламенттин профилдик комитети сунушту четке каккан.

Бүгүн депутаттар фракциянын сунушун колдогон жок.