Сауд Арабиянын университеттерине окууга документтерди кабыл алуу башталды

17:21, 04 мая 2023, Бишкек - 24.kg

Сауд Арабиянын университеттерине окууга документтерди кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда,  кыргызстандыктар ар түрдүү стипендиялык программалар боюнча бакалавриат, магистратура, докторантурага тапшыра алышат. 

Стипендиялык программалар боюнча кененирээк маалыматты studyinsaudi.moe.gov.sa баракчасынан алууга болот.