Ташиев Жалал-Абадда өтүп жаткан Көк-Бөрү мелдешине 1 миллион сом байге койду

12:34, 04 мая 2023, Бишкек - 24.kg

УКМКнын төрагасы Камчыбек Жалал-Абадда генерал Молдомуса Конгантиевдин жаркын элесине арналган Көк-Бөрү боюнча республикалык мелдеште 1 миллион сом байге койду.

Камчыбек Ташиев УКМКнын атынан Жалал-Абад облустук милициясына Toyota Corolla үлгүсүндөгү унаа тапшырды. Андан кийин улакчыларга арнап 1 миллион сом тартуулады.