Жогорку Кеңеш Атыр Абдрахматованы кызматынан бошотуу сунушун колдоду

11:22, 03 мая 2023, Бишкек - 24.kg , Жазгуль МАСАЛИЕВА

Жогорку Кеңеш акыйкатчы Атыр Абдрахматованы кызматынан бошотуу сунушун колдоду. Чечим бүгүн кабыл алынды.

50 депутат Акыйкатчынын отставкасын колдоп, каршы 5 добуш берилди.

Төрага Нурланбек Шакиев Атыр Абдрахматова чакырууга карабай, бүгүн жыйынга келбегенин айтты.

Акыйкатчынын аппаратында Нурланбек Шакиевдин сөзүн четке кагып, эч кандай чакыруу жиберилбегенин белгилешти.