Кырсык, кылмыштарды жазбай тургула — дейт президенттин пресс-кызматынын башчысы
11:52, 02 мая 2023, Бишкек - 24.kg
Президенттин пресс-кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков туристтик сезон мезгилинде негативдүү маалыматтарды, туристтерди чочулаткан жаңылыктарды көп таратпай турууга чакырды.
Ал жада калса балдарды зордуктоо боюнча маалыматтарды дагы жарыялабоого чакырат.
«Нарында мас болуп алып жаш баланы зордуктап өлтүргөн, Таласта мал базардагы жапайычылык жазалоо деген сыяктуу көрүнүштөр туристтик сезонго кесепетин тийгизет. Аны болсо биз барыбыз жарышып таратып жатабыз. Жаманды жашырып, жакшыны ашыралычы. Мына ушундай окуядан кийин Таласка, Нарынга бирөө келеби?! Туризм өнүккөн башка өлкөлөрдө деле кылмыш, кырсыктар болот, бирок алар жарыялап, өз мамлекетинин кадыр баркын төмөндөтпөйт», — дейт.
Дайырбек Орунбеков жагымдуу маалыматтарды чет тилдерде жарыялап, туристтерди кызыктырууга чакырат.
«Ал эми кырсык, кылмыштарды зарылчылык болуп баратса, кыргыз тилинде, майда шрифтер менен, жаңылыктын эң арткы бөлүгүнө жазсак. Дегеле жазбай, таратпай койсок деле мүйүз чыгып кетпейт. Кырсык менен кылмыштын алдын алуучу, кесепети менен күрөшүүчү тийешелүү тармактарыбыз деле кемчилиги болсо да кудайга шүгүр иштеп жатышат», — дейт ал.