«Улутум — Кыргыз, Урааным — Манас!». Лейлекте 386 окуучу Манас айтты

10:35, 02 мая 2023, Бишкек - 24.kg

Лейлек районунун Андарак айылындагы Манас атындагы орто мектебинде 386 окуучу жана айыл тургундарынын катышуусунда Манас айтышты.

Иш-чара «Улутум — Кыргыз, Урааным — Манас!» — аталышындагы «Манас» эпосунан үзүндү айтуу сынагынынын алкагында уюштурулду.

Манас айтуу өлкөнүн баардык аймактарында өтүүдө.