ИИМдин ички аскер кызматынын жоокери ооруканага түштү

16:14, 28 апреля 2023, Бишкек - 24.kg

ИИМдин ички аскер кызматынын № 7705-бөлүгүнүн жоокери Республикалык психикалык борборуна жаткырылды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине өздүк булактар билдиришти.

Редакцияга жөнөтүлгөн видеодо аскер кызматкеринин колуна артына байланып, полдо жатканын көрүүгө болот. «Келгенине тогуз күн болгон жок, чыдабай калыптыр», — деп кадр сыртылда айтылган сөздөр угулат.

Фото

ИИМдин ички аскер кызматынын маалымат кызматы окуяны ырастады. Маалыматка караганда,

Жети-Өгүз районунан кызматка тартылган М.Б. аттуу жоокер кызмат өтөөдөн баш тартканын айтып жетекчиликке кайрылган. Туугандары келгенде М.Б. кийимин жыртып, башын жерге уруп, үйгө алып кетүүсүн талап кылып баштаган. Тез жардам кызматы жоокерди ооруканага алып кеткен.

Аскер прокуратурасы окуяны териштирүүдө.