Орусиянын бийлиги Украинадагы согуш тууралуу макаласы үчүн казак сайтын бөгөттөд

09:19, 28 апреля 2023, Бишкек - 24.kg

Орусиянын «Роскомсвобода» мекемеси казакстандык Arbat.media басылмасынын сайтын бөгөттөдү.

Орусияда тыюу салынган сайттардын тизмесинде Arbat.media кайсыл мамлекеттик органдын демилгеси менен бөгөттөлгөнү көрсөтүлгөн эмес.

Басылманын башкы редактору Сырым Иткулов сайттын Орусияда бөгөттөлүшүн «сыймык» деп атады.

«Биз аскердик цензурага кабылып, Орусиянын аймагында тыюу салынган алгачкы казакстандык ЖМК болуп калдык. Биз үчүн бул сыймык. Бул бизди окушат, көрүп жатышат дегенди билдирет. Дагы бир учур: биздин сайттын аудиториясынын 40 пайызын орусиялыктар түзөт. Буга биз өзүбүз да таң калып турабыз. Орусияда көптөгөн сайттар бөгөттөлгөндөн кийин алар өздөрү жөнүндө биздин сайттан окуп жатышкан окшойт», — деди Иткулов.

Ал Орусиянын бийлиги Arbat.media’ны «жакшы жарнамалап бергенин» белгилеп, орусиялыктар сайтты мындан ары да VPN аркылуу окуй берет деген божомолун билдирди.