09:41, 26 апреля 2023, Бишкек - 24.kg
Бишкектеги айрым мектептерге дагы бомба коюлганы боюнча маалымат жөнөтүлдү. Бул тууралуу окурмандар билдиришти.
Учурда № 67, 51, 33, жана №4 мектептин окуучулары жана мугалимдерди эвакауцияланды.
Белгилей кетсек, 20-январда, 22-мартта жана 2-апрелде мектептерде бомба коюлганы боюнча маалымат түшүп, бирөөсү дагы такталган эмес.
УКМКнын төрагасынын орун басары Айбек Шаменов парламентте бомба боюнча маалымат электрондук даректерге жөнөтүлүп жатканын, ал аккаунттар Украина менен Россияда катталып, ээсин табуу мүмкүн болбой жатканын билдирди.