«Өзбекстандын жарандары, чет өлкөлүктөр Кыргызстанга келгенден кийин беш күндүн ичинде 60 күнгө каттоого турушу керек. Былтыр Калкты каттоо департаментинде 220 миңден ашуун өзбек жараны катталган. Быйылкы жылдын алгачкы үч айында, биринчи кварталында 53 миң өзбекстандык катталды», — деди Кийизбаева.
Кыргызстанга өзбек жарандары көп учурда курулушта иштегени келет.
Былтыр жыл аягында Санарип өнүктүрүү министрлиги Өзбекстан менен Азербайжандын жарандарын Кыргызстанда бир айга чейин каттоосуз жүрүүгө уруксат берген токтомдун долбоорун коомдук талкууга чыгарган.