15:30, 20 апреля 2023, Бишкек - 24.kg
Кыргызстанда аялдардын сотко кайрылган эң көп доо арыздары ажырашуу жана алимент өндүрүү болуп саналат. Бул тууралуу Акыйкатчы Атыр Абдрахматованын Жогорку Кеңешке жолдогон баяндамасында айтылат.
Анын билдирүүсүндө, ажырашуу жана алимент өндүрүү соттордо каралып жаткан бардык үй-бүлөлүк иштердин 80 пайызын түзөт.
2022-жылдагы эл каттоонун жыйынтыгы боюнча аялардын 6 пайызы, эркектердин 3,3 пайызы ажырашкан.
Акыйкатчынын маалыматында, жаңы төрөлгөн балдардын төрттөн бир бөлүгү — никеге турбаган энелердин балдары.
Алар никени каттоого алышкан эмес. Ал эми жаңы төрөлгөн балдардын 51 пайызы — эки ата-энесинин биргелешкен арызы боюнча, 49 пайызы — энелердин өтүнүчү боюнча гана гана катталган.