Президент Бишкектеги Айт намазга катышат
14:33, 20 апреля 2023, Бишкек - 24.kg
Президент Садыр Жапаров 21-апрелде өтө турган Айт намазга катышат. Бул тууралуу пресс-катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Айт намаз Бишкек шаарындагы Т. Усубалиев атындагы аянтта (Эски аянт) өтөт.
Иш-чара УТРК, республикалык жана облустук телеканалдардын эфиринде, социалдык баракчаларда түз чагылдырылат.