12:36, 20 апреля 2023, Бишкек - 24.kg
Кыргызстандык Бермет Абдрахманова Германиянын Мурнау шаарынын жергиликтүү кеңешинин депутаттыгына ат салышат. Бул тууралуу Германиядагы кыргыз элчиси Өмүрбек Текебаев билдирди.
Анын маалыматында, Бермет Абдрахманова Бавариянын Мурнау шаарында «Элдик Университеттин» интеграция жана тил бөлүмүнүн башчысы болуп иштейт. Мигранттардын адаптация болуп, жергиликтүү немистер менен камыр-жумур болуп жашап, иштеп кетишине жардам берет. Ал шаарда белгилүү, авторитеттүү коомдук активист.
«Берметтин депутаттык шайлоого катышышы жана анын жыйынтыгы өзү үчүн гана эмес, Германиядагы кыргыздар үчүн дагы маанилүү. Бул кыргыз кызы бөтөн эл, чет жерде чүнчүбөй, жалтанбай жергиликтүү немистер менен тен ата болуп, тизгин талашып жатканынан, Германиядагы кыргыз диаспорасы өзүнүн өнүгүүсүнүн жаңы этабына өткөнүнөн кабар берет. Алар өз күчүн сезип, өз кызыкчылыктарын коргой ала турган деңгээлге жетишти», — дейт элчи.