12:03, 20 апреля 2023, Бишкек - 24.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Шарапаткан Мажитова кыз-келиндерге паранжы жамынууга тыюу салууну сунуштайт. Бул тууралуу ал бүгү парламенттин жыйынында айтты.
Ал муфтиятка кайрылып, бул боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү сунуштады.
«Ошто 100 миң сомго социалдык күбөлүктү тапшырып жатканда, айрым аялдар паранжы кийип келишиптир. Ошто мындайлар көп экен. Алардын көзү гана ачык. Аялдар жоолук салынсын, бирок бетин жаап алганы туура эмес. Бул боюнча тапшырма берсеңер», — дейт ал.