«Алтын казынада» кызды зордуктагандар жоопко тартыла элек

11:42, 20 апреля 2023, Бишкек - 24.kg

Өткөн жылдын август айында «Алтын казына» ресторанында 17 жашар кызды зордуктагандар жоопко тартыла элек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Руслан Жакышов билдирди.

Анын айтымында, соттук кароо өтпөй жатат.

«Ата-энеси арызданып жатышат. Сот жүрбөй, эч ким жоопко тартыла элек экен. Акыйкат чечим чыкпаса, атасы өзүн өрттөйм деп жатат. Азыр Рамазан айы болгону үчүн гана карманып турат», — деди депутат.

Эскерте кетсек, «Алтын казына» ресторанын мейманкасында 7-апрель күнү 17 жашар кыз зордукталган. Кылмышка шектелип, ресторандын эки официантты кармалган.