11:35, 20 апреля 2023, Бишкек - 24.kg
Баткен облусунда калкка коркунуч тууралуу кабарлоо тутумун жөнгө салуу зарыл. Бул тууралуу Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, аймакка куралдуу кол салуу учурунда коркунучу тууралуу кабарлоо тутуму иштеген эмес. Эвакуациялоо иштери уюштурулган эмес.
Акыйкатчы институту Баткенде 400 жергиликтүү тургунду катыштырып, сурамжылоо жүргүзгөн.
Анда 14 киши гана бийлик органдары аларды кооптуу жерден алып чыгып кеткенин айтышкан. Калгандары өздөрү үйлөрүн таштап качканын белгилешкен.
Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Минкабка облуста чек арага жакын айылдарында жарандык коргонуу, анын ичинде эвакуациялоо боюнча машыгууларды уюштуруу жана тиешелүү маалыматтык иштерди практикага киргизүү, окуяларды эске алуу менен, эвакуация пландарын кайра карап чыгууну сунуштайт.
Андан сырткары, сурамжылоого катышкан баткендиктердин 35 пайызы туруктуу киреше булагы жоктугун, акчалай жардамга муктажыдыгын белгилешкен.