Евразия экономикалык биримдиги Евразия аймагындагы тыгыз кызматташтыкты өнүктүрүүгө негиз боло турган бирдиктүү транспорттук аймактын пайдубалын түзүүдө. Бул тууралуу соода уюмунун энергетика жана инфраструктура министри Арзыбек Кожошев жүк ташуучулардын TransRussia эл аралык конференциясында билдирди.
Министрдин айтымында, ЕАЭБ жаңы логистикалык каттамдарды түзүүнү пландоодо.
Арзыбек Кожошев көргөзмөгө катышып жаткан транспорттук жана логистикалык компаниялар менен таанышты.