09:30, 18 апреля 2023, Бишкек - 24.kg
Бишкектеги Кыргыз-орус Славян университетинин юридикалык факультетинин студенттери жана окутуучулары эвакуацияланды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине окурман билдирди.
Маалыматка караганда, университтеги сабактар токтотулуп, баары сыртка чыгарылды.
«Бомба боюнча маалымат түшүптүр. Азыр милицияны күтүп жатышат», — деди ал.
№ 67 мектепте дагы сабактар токтотулду. Окуучулардын айтымында, мектепке жардыруучу зат коюлганы тууралуу маалымат түшкөн.