09:23, 18 апреля 2023, Бишкек - 24.kg
Токмок шаарынын мэри Урмат Самаев кармалды. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан билдиришти.
Маалыматка караганда, шаар башчысын УКМК кармаган.
Токмок шаардык кеңешинин депутаты Чолпон Сыдыкованын айтымында, муниципалитетте текшерүү жүрүп жаткан.
«Аудит жүрүп жаткан. Мэрдин эмне себептен кармалганы белгисиз», — дейт ал.