Кара-Сууда эки жашар кыз сууга агып кетти

09:45, 17 апреля 2023, Бишкек - 24.kg

Кара-Сууда эки жашар кыздын сөөгү каналдан табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
 
Маалыматка караганда, наристенин сөөгү «Увам» каналынан табылды.
 
Дайынсыз болуп жаткан кызды издөөгө 23 куткаруучу тартылган болчу.