15:09, 14 апреля 2023, Бишкек - 24.kg
Баткендеги үйлөр толугу менен 1-майга чейин бүткөрүлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин «Ишеним» фракциясынын жыйынында мекеменин директорунун орун басары Азирет Акимов билдирди.
Анын айтымында, курулуш компаниясы 31-декабрга чейин бүтүрүп бермек.
«Андан кийин 1-март деп суранышып, кийин 1-апрелге жылдырылды. Бүгүн айдын аягына чейин мөөнөт берилди. 1-майга бүткөрүлөт», — деди ал.
Маалыматка караганда, 417и үйдүн 80и бүтө элек.