Садыр Жапаров: «кустуризацияга» кызыккандар мага расмий кат жазсын

12:17, 14 апреля 2023, Бишкек - 24.kg

2,5 жыл ичинде коррупцияга каршы күрөштөн башкы укук коргоо органдарынан 10 миллиард сомдон ашык акча түштү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров маегинде билдирди.

Анын айтымында, акча каражаты толугу менен бюджетке түшүүдө.

«Кимде ким кызыккан болсо, комиссия түзүп барып текшерип көрүшсүн: кимден канча акча төгүлгөн жана кайсыл күнү казынага барып түшкөн, баары ачык. Жашыра турган эч нерсе жок. Кимден канча акча түшкөндүгү жөнүндө ачык жарыялап койсок деле болмок. Бирок алардын көпчүлүгүнүн «ачыкка чыгарбасаңар» деген суранычы бар. Ошол үчүн аты-жөндөрүн чыгара албайбыз. Эгер саясатчыбы, журналисттерден же депутаттардан болобу кимде ким кызыкса, кайрылсын. Бардык тизмени жана суммаларды көрсөтүп беребиз. Биздин жашыра турган эч нерсебиз жок. Ачык иштейбиз. Өткөндө айрым кыйкырчаак депутаттар алтын уурдадыңар дегенде, өздөрүнөн турган комиссия түздүрүп, эми өзүңөр текшергиле, баарын ачып берели десек кайра өздөрү качып кетишти. Ошондой эле «кустуризация» маселесине дагы кимде ким кызыкдар болсо, мага расмий түрдө кат менен кайрылышсын. Укук коргоо органдарына айтып, «кусундулардын» баарын көрсөттүрүп берем. Изин кубалап барышса республикалык бюджетке түшкөнүн көрүшөт», — дейт ал.