Зиядин Жамалдиновдун ордуна Ысык-Көлдүн мурдакы жетекчиси дайындалды

11:20, 14 апреля 2023, Бишкек - 24.kg

Элчибек Жантаев президенттин Ош облусундагы өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу чечимге президент Садыр Жапаров кол койду.

Элчибек Жантаев 1973-жылы Ысык-Көл облусунун Ак-Чий айылында туулган.

2020-жылы Ысык-Көл облусунун жетекчиси болуп дайындалып, 2021-жылы май айында бошотулган. Бир нече айдан кийин Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикке директор болуп дайындалган.

2020-жылдын ноябрь айында Элчибек Жантаев бара жаткан Toyota Land Cruiser унаасы жол кырсыгына кабылып, ооруканага түшкөн.