«Маселени оң жагына чечебиз деген убададан кийин биз жолго чыктык. 12-апрелден бери жолдо жүрөбүз. Бирок маселе оң жагына чечилгени боюнча дале кабар жок болгондуктан, Астанага кийинчерээк кайтууга даярбыз. Маңгыстауга 14-апрелде жетебиз. Эгерде ага чейин эч кандай чечим кабыл алынбаса, биз, жумушсуздар тобу Астанага өз ыктыярыбыз менен кайтууга даярбыз. Биздин талап аткарылсын!», — дешкен жумушчулар.
10-апрелде «Берали Мангистау» компаниясынын мурдагы 82 кызматкери башкалаага келип, Энергетика министрлигинин алдына чогулган. Алар аткаминерлерге жана «КазМунайГаз» компаниясынын өкүлдөрүнө суроолору бар экенин айткан. Бирок ал күнү эч ким жолуккан жок. Мунайчылар сыртта түнөп калган.
11-апрелдин кечинде Астананын полициясы мангыстаулук жумушчулардын баарын күч менен кармап кеткен. Эртеси алар бошотулуп, поезд менен Жаңы-Өзөнгө жөнөтүлгөн.