11:42, 13 апреля 2023, Бишкек - 24.kg
Токмок шаарында алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылаыйк, 2023-жылдын 11-апрель күнү Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнө арыз менен жергиликтүү жашоочу М.Ф. кайрылып, март айында Ш. жана Б. аттуу жарандар ишеничке кирип 260 миң сом турган 2 тонна балык жемин сатып алууга буйрутма беришип, жемди алгандан кийин акчасын төлөбөй изин жашырып кеткенин билдирип, чара көрүүнү суранган.
Арыз Токмок шаардык ички иштер бөлүмүндө катталып, Кылмыш-жаза коексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Токмок ШИИБдин кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам-тергөө аракеттеринин натыйжасында, аталган жарандардын бири такталып, ал Нарын облусунда 1990-жылы туулган Н.А. экендиги такталып, тергөө кызматы тарабынан ЖПКнин 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Кылмыш иши боюнча тергөө улантылып жатат.