Жоопко тартылган коррупционерлерди кайра кызматка алууга тыюу салуу сунушталды
18:05, 12 апреля 2023, Бишкек - 24.kg
Башкы прокурор Курманкул Зулушев коррупция боюнча жоопко тартылган жарандарды кайра мамлекеттик кызматка алууга тыюу салууну сунуштайт. Бул тууралуу ал бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, аткаминерлер кылмыш жоопкерчилигине тартылгандар кийин мамлекеттик кызматтагы ишин улантууда.
«Мен аткаруу бийлигине да сунуш кылгам, сиздерден да суранат элем, мыйзам талаптарын күчөтүш керек. Эгер кылмыш жоопкерчилигине тартылып чыктыбы, ал кайра кызматка алынбашы керек.
Бүгүнкү күндө ошондой адамдардын баары кызматтарда отурат. Чынында, коррупция азайбай жатат. Коомчулук, кызмат адамдары буга көнө түшкөн окшойт. Себеби бирөөнү кармап жоопко тартып жатсаң, жанында отурган кызматкер эле ошондой кылмыш жасап жаткан болот. Ал кызматкерин жоопко тартып, сотко жөнөтүп, өкүм чыгат, бирок бир жылдан кийин карасаң ал ошол эле мекемеде кайра иштеп жаткан болот», — дейт ал.