«КазМунайГаз» улуттук компаниясы билдиргендей, мунайчылардын талаптарын карап, аны укуктук талаада чечүү үчүн атайын комиссия түзүлмөй болду. Анын курамына «БерАли Маңгыстау Company» компаниясынын мурдагы кызматкерлери да кирет.
10-апрелде «Берали Маңгыстау Company» компаниясынын мурдагы 82 кызматкери баш калаадагы Энергетика министрлигинин алдында бир суткадан ашуун убакыт турушкан. Алар аткаминерлерге жана «КазМунайГаз» компаниясынын өкүлдөрүнө суроолору бар экенин айтышкан. Алар менен сүйлөшүүгө эч ким чыккан эмес. Мунайчылар сыртта түнөп калышкан.
11-апрелде аларды полиция кармап кеткен. Астанадагы кармоолордон кийин Маңгыстау облусундагы Жаңы-Өзөн жана Актау шаарларында миңдей адам көчөгө чыгып, жердештерин бошотууну жана жумушсуздук маселесин чечүүнү талап кылышкан.