Бир жылда 8 миң аял жана 200 бала үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган

16:26, 12 апреля 2023, Бишкек - 24.kg

2022-жылы 8 миң аял жана 200 бала үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Ал аялдарды, балдарды, майыптарды жана карыларды үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо дагы көйгөйлүү маселе болуп жатканын белгиледи.

2022-жылы Кыргызстанжа 9 миң 880 үй-бүлөлүк зомбулук катталган.

Анын негизинде жабыркагандарга 8 миң 725 коргоо ордери берилген. 181 кылмыш иши козголуп, 82 иш сотко өтүп, 63 токтотулуп, 36-сы учурда тергелүүдө.