06:34
USD 87.45
EUR 100.88
RUB 1.11

Садыр Жапаров Ак-Ордодо үйү бузулган келинге ким турак жай салып жатканын айтты

Садыр Жапаров Ак-Ордо конушунун жашоочусу Марал Шаболотовага үй салып берип жаткандыгы боюнча маалыматты четке какты. Бул тууралуу президент «Кабар» агенттигине маалымат берди.

Анын айтымында, үйдүн курулушун «Ас-Сафа» фонду колго алган.

«Жок. Калп. Мен барып көрүп кеткенден кийин «Соттогу маселелери чечилгенче көп кабаттуу үйлөрдөн убактылуу батир таап, бала-чакасы менен киргизип тургула» деп кызматкерлерге буйрук берип кеткем. Эртеси күнү «Ас-Сафа» фондунун өкүлдөрү «Соопчулук үчүн ошол эле жерге биз үй салып берели, уруксат бериңиз» деп кайрылышкан экен. «Кудай жалгасын» дедим. Кудайдын улуу рамазан күндөрүндө сооп табалы деп «Ас-Сафа» фонду салып берип жатат. Бирөөнүн эмгегин, сооп иштерин менчиктеп алганыбыз туура эмес. Мен салып берип жаткан жокмун. Жөн гана себепкер болдум», — дейт президент.

Белгилей кетсек, Марал Шаболотованын жер тилкесине тийиштүү документи болбогондуктан ал сотто жерге ээлик кылуу боюнча кагазы бар кошунасына утулуп калган. Соттун чечими менен анын үйү бузулган. Бул окуя коомдо кызуу талкуу жаратып, президен көчөдө калган үй-бүлөдөн өзү кабар алган. Садыр Жапаров менен жолугушууда соттон уткан жарандын дагы документтери мыйзамсыз экендиги, ал жерди трансформарциялоого мораторий жарыяланган кезде алынганы айтылган. 

Эң көп окулган жаңылыктар