14:01, 12 апреля 2023, Бишкек - 24.kg
«Кемпир-Абад» суу сактагычын коргоо коммитетинин мүчөсү Клара Сооронкулова үй камагына чыгарылды. Бул боюнча бүгүн Биринчи май соту чечим кабыл алды.
Клара Сооронкулов соттун чечимине оюн билдирген жок.
Андан сырткары, саламаттыгына байланыштуу суу сактагычты коргоо комитетинин координатору Мамбетжунус Абылов дагы эки айга үй камагына чыгарылды.
Былтыр 23-28-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпы 30га жакын адам жапырт кармалган. Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгону айтылган.