11:04, 12 апреля 2023, Бишкек - 24.kg
Москва облусундагы «Сахарово» миграциялык борборунда мигранттарды орус армиясынын катарында согушка катышууга чакырык жүрүүдө. Бул тууралуу «Сирене» телеграмм каналы жазып чыкты.
Маалыматка караганда, патент алууга келген мигранттарга армияга кызмат өтөө сунушталып, буклеттер таркатылууда.
Орус аскеринде кызмат өтөөнү каалагандарга айына 190 миң рубль, балдарына жөлөк пул, бала бакчага жана мектепке орноштуруу, мектепте эки маал бекер тамактануу, мамлекеттик мекемелерде бекер дарылануу жана үй-бүлө мүчөлөрүн жумуш орун менен камсыздоо сунушталат.