Азия чемпионаты. Айпери Медет кызы күмүш алды, Айсулуу Тыныбекова бүгүн беттешет

09:47, 12 апреля 2023, Бишкек - 24.kg

Астана шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында кыргыз балбаны Айпери Медет кызы күмүш медаль алды.

Айпери Медет кызы 76 килограмм салмакта күрөшөт. Ал эми 59 килограмм салмакта Калмира Билимбек кызы коло байге алды.

Бүгүн килемге Айсулуу Тыныбекова чыгат.